05.10.2025 №31 № 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Осмонов Мирбек Лисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Ж.М. Турдубаевди жана А.О. Касымкулованы каттоо жөнүндө

19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Осмонов Мирбек Лисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Ж.М. Турдубаевди жана А.О. Касымкулованы каттоо жөнүндө

 

№ 19 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Осмонов Мирбек Лисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 3-октябрындагы (кириш № 12/1589) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. №19 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Осмонов Мирбек Лисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

– Турдубаев Жолдошбек Мамаражапович, шайлоо маселелери боюнча;

– Касымкулова Альбина Омуркановна, финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын өзүмө калтырам.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары                                                            А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-октябры

№ 31