05.10.2025 №14 “Легалайз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Легалайз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

“Легалайз” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, 60-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. “Легалайз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

– Аракеев Дастан Медербекович, шайлоо маселелери боюнча;

– Сапарбаев Адилет Кубанычбекович, финансы маселелери боюнча.

2. “Легалайз” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары А. Жупуева

 

Бишкек шаары, 2025-жылдын 5-октябры

№ 14