03.10.2025 №12 “Кырк ууз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Кырк ууз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

“Кырк ууз” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
19-беренесин, 60-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1.“Кырк ууз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

– Кадыркулов Таалайбек Амангелдиевич шайлоо маселелери боюнча;

– Джапарова Жанар Алиакбаровна, финансы маселелери боюнча.

2. “Кырк ууз” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-октябры

№ 12