«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
В мобильном приложении «Түндүк» запущен цифровой сервис «Кабинет избирателя»
15-Июн, 2026
Смотреть на YouTube
Другие видео
23-Май, 2023
Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлер – Б Керимбеков & Г Тазабекова
23-Май, 2023
Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлер – Т Айдаралиева
23-Май, 2023
Теледебат 22.05.2023
23-Май, 2023
Ленин райондук шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлер Муктарбек Айткулов Андрей Скорняков
23-Май, 2023
Ленин райондук шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлер Субанов Айбек Руслан Бекназаров
23-Май, 2023
Шайлоого карата даярдыктар Биринчи студия
23-Май, 2023
-
23-Май, 2023
-
23-Май, 2023
Ленин райондук шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкер Ажыбек Касмалиев
23-Май, 2023