Даттануу / Жалоба №94

Жороев Жакыпбек Саматович

№ п/п 94
Дата поступления в ТИК/ЦИК КР 15.10.2017
Тип обращения Даттануу / Жалоба
Данные заявителя Жороев Жакыпбек Саматович
0701-99-99-94,
Краткое содержание Ассаламу алекум. мен 2017-жылдын 20-сентябрларда Бишкеке шаарындагы №48 мектеп жайгашкан №1203 УИКке форма 2 боюнча кошумча тизмеге арыз жазгам. Ошол жердеги УИКтин мучосу менин форма 2 ни жана паспорттун кочурмосун алып калган жана сени кошумча тизмеге киргизебиз деген. Мен ошол бойдон тизмеге кирдин деп кеткем. Бирок мен бугун Турция мамлекетине келген Эл аралык байкоочулар коштоп жургом менен алар менен менин учаткамды коргончо мен добуш бергени барсам, тизмеде жок болуп чыктым. Бул боюнча мен УИКтин торагасы Нефедова Ольга Юрьевнага кайрылсам сен кошумча участкаларга барым тизмеге киришин керек деп айтты. макул анда эмнеге мен форма 2 ни толтурган кезде мага УИКтин мучосу мага тушундурмо берип кошумча участкага жоноткон жок. Андан кийин УИКтин мучосу мейли билбейт дейли анда торага ошол куну келген арыздардыменин туура эмес толтурган форма 2ди карап чыгып, мага чалып коюш керек эле. Менин данныйларым жазылган форма 2 де телефондорумда бар. Бул деген мыйзамды билбестик. эмне учун анада ал участкаларда форма 2 берилет, эгерде аларда кошумча тизмеге киргизбесе. Бул деген кош конул мамиле. Мага мыйзам чегинде жооп беруунуздорду суранам. Рахмат
Дата рассмотрения ЦИК КР
и Решение ЦИК КР
Саламатсызбы! КР БШК 2017-жылдын 3-августундагы №320 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруужана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобонун 3.1- пунктуна ылайык шайлоочу катталган бир эле калктуу конуштун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чектеринде арыз боюнча (№ 2 форма) шайлоо дарегин өзгөртүүгө жол берилбейт жана мындай арыздарды шайлоо комиссиялары кабыл албайт.
Эрежеден тышкары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору, добуш берүү күнү коомдук тартипти камсыз кылуучу укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз (№ 2 форма) берген учурда бир эле калктуу конуштун чектеринде шайлоо дареги өзгөртүлүшү мүмкүн.
Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Ф-2 арызы кошумча шайлоо участогунда гана толтурулат жана №1203 УШКда Ф-2 арызын толтуруу мумкун эмес.
Сиз паспортуңуздун көчүрмөсүн тиркеп Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына же Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылсаныз, Ф-2 толтуруп берген адамга жана ал Ф-2 арызды кабыл алган УШКнын мүчөсүнө карата териштирүү ишин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына откөрүлүп берилет. күнөөлүүлөр жазасын сөзсүз тартат.
Обжаловано ли в суде нет