Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 42 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин өкүлдөрүнүн (шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын) укуктук статусун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктук статусун жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасында чыныгы эркин, адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүнү, жарандардын, саясий партиялардын шайлоо укуктарынын ишке ашуусун камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бул Жобо Кырыгз Республикасынын Конституциянын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин өкүлдөрүнө шайлоо боюнча жана каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, шайлоо комиссиясындагы өкүл, ишенимдүү адам, талапкерди көрсөтүп жаткан байкоочулар кирет.
Саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо боюнча жана каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр кирет.
2. Шайлоо комиссияларында талапкерлердин өкүлдөрүнүн статусу
5. Талапкерлер катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иштеген жери (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык байланыштары тууралуу маалыматтарды берүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясында өзүнүн өкүлүн (мындан ары – шайлоо комиссиясындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин кабыл алынат.
6. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
7. Кыргыз Республикасынын 21 жашка чыккан, жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жараны шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуктуу.
8. Шайлоо комиссиясында өкүл болууга төмөнкүлөр укуксуз:
- Жогорку Кенештин, жергиликтүү кенештин депутаттары;
- Жогорку Кенештин, жергиликтүү кенештин депутаттыгына талапкерлер;
- саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- судьялар, аскер кызматчылары, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- соттуулугу белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган адамдар.
9. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.
10. Шайлоо комиссиясындагы өкүл, мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.
11. Шайлоо комиссиясындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
12. Шайлоо комиссиясындагы өкүл төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана алардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга.
7) шайлоочунун инсандыгын көрсөткөн документтин дал келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө.
13. Шайлоо комиссиясындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
14. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттин чечими менен каалаган убакта токтотулушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.
Шайлоо комиссиясындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулат.
Шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
Талапкер тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун жыйынтыктарына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.
15. Шайлоо комиссиясындагы өкүл “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
16. Талапкерлер, саясий партиялар экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлоого катышууга байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн, финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоого укуктуу. Алар тийиштүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан чыгышат.
Талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар талапкер, талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машина окуй турган түрдө да «Электрондук талапкер» маалыматтык тутумуна киргизилүүгө тийиш.
17. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, башка талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.
18. Талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугу да кошумча көрсөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү тизмеге аталып кеткен ар бир адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия, ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин талаптарына ылайык келерин ырастайт жана берген маалыматтары үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат.
20. Ыйгарым укуктуу өкүл, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ага каттоо күбөлүктөрү берилип, катталгандан кийин, талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
21. Шайлоого катышууга байланышкан маселе боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкерди каттоо үчүн документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берет;
2) шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
3) талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн, эфир убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү чүчүкулактарга катышууга укуктуу;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
5) шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коет;
6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө байланышкан маселелерди, акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жана шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчетторду даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди чечет;
2) финансылык эсептик документтерге жана финасылык отчетторго кол коюуга укуктуу;
3) талапкерге, саясий партияга тийиштиги бар финасылык маселе боюнча шайлоо комиссияларынын жыйынына катышууга укуктуу;
4) мыйзамдарда белгиленген финансылык маселелер боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
23. Талапкерлер, саясий партиялар, Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган убакта токтотууга укуктуу.
24. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү талапкердин, саясий партиянын талапкерлеринин көрсөтүлгөн, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт.
Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.
4. Талапкерлердин ишенимдүү адамдары
25. Талапкерлер бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын дайындоого укуктуу.
26. Ишенимдүү адамдарды каттоо Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын жана ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Талапкердин ишенимдүү адамдары тууралуу маалыматтар талапкер же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан «Электрондук талапкер» маалыматтык системасына электрондук машиналык окулчу форматта киргизилет.
Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
27. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок, башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү ишенимдүү адамдар боло албайт
28. Ишенимдүү адамдар талапкер тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.
29. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) талапкердин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка ишти жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
4) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө шайлоо участкаларында болууга;
5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана аларды кароого катышууга.
30. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
2) шайлоо бюллетендерин алгандыгы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
3) эгерде алар жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.
31. Талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды каалаган убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарат. Ишенимдүү адам Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген күбөлүктү кайтарып берип жана бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге билдирүү менен каалаган убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.
32. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары талапкерлердин статусу жоготулган учурдан тартып бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт.
5. Талапкерлердин байкоочулары
33. Талапкерлер ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алышат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган талапкердин кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.
34. Байкоочу байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына аны дайындаган талапкерден жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, туруктуу жашаган жери, шайлоо участокторунун номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле анда мыйзамдарда каралган чектөөлөрдүн жок экени тууралуу жазуу жазылат. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө, талапкердин колу коюлганда жарактуу болуп эсептелет.
35. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.
Төмөнкүлөр байкоочу болууга укуксуз: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссиясынын мүчөсү; талапкердин, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү; судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматчылары, аскер кызматчылары.
36. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүдө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруунун жана добуш берүүнүн белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;
12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
16) өзүнүн статусу, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген талапкердин аты-жөнү белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
17) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн сырын бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан жеке өзү фото-көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга.
37. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
38. Эгерде байкоочу шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылса, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, ал добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
6. Шайлоо процессинин стадияларында талапкерлердин өкүлдөрү
39. Талапкерлердин өкүлдөрү (мындан ары – өкүлдөр) шайлоолорго катышуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.
40. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө байкоочуларды кошпогондо, өкүлдөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- үгүт өнөгүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга;
- телерадио көрсөтүү каналдарында биргелешкен үгүт иш-чараларына катышууга;
- үгүт материалдарын жайылтууга;
- башка үгүт иш-чараларына катышууга.
41. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, аймактар аралык кастыкты, басмырлоолорго, кастыкка чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарына; согушту пропагандалоого; чет мамлекеттердин саясий жана мамлекеттик ишмерлери менен көпчүлүк катышкан иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.
Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого, диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген шартта сатууга; кандай болбосун товарларды акысыз таркатууга, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Өкүлдөр шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Өкүлдөр, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ар-намысына, кадыр баркына же иш аброюуна зыян келтирген жана билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жарыяланмаларга жол берүүгө укуксуз.
42. Добуш берүү күнү өкүлдөр добуш берүү үчүн жайда төмөнкүлөргө укуктуу:
- ошол участоктун шайлоочуларынын тизмеси, жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер болгон мөөр басылган сейфти (шкафты) ачууга катышууга;
- тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын угузууга катышууга;
- шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү жана электрондук тизмелерин жөнөкөй көз менен карап чыгууга жана салыштырып текшерүүгө;
- участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен басылган (пломба коюлган) добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап чыгууга;
- контролдук баракчаларга кол коюуга жана алардын добуш берүү үчүн ящиктерге ташталышына байкоо жүргүзүүгө;
Өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүдө катышууга укуктуу. Мында өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап текшерип чыгууга жана добуш берүү үчүн ящиктерге ташталуучу контролдук баракчаларга кол коюуга укуктуу.
43. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө өкүлдөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышууга.
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн жер ага шайлоо комиссиясындагы бардык өкүлдөрдүн кирүүсү үчүн камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында эсептөөгө катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек;
- участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган, серепти камсыз кылган жана участкалык шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылбаган жерден сүрөткө, киного, видеого тартууну жүргүзүүгө;
- добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууга;
- участкалык комиссия тараптан бюллетендерди кайра эсептөөдө көз менен карап катышууга;
- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин таңгактоого, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга иреттеп салууга катышууга, ошондой эле мүшөккө же кутуга өзүнүн кол тамгасын коюуга;
- участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктарын угузууга катышууга;
- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин, арыздарды (даттанууларды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актыларды кошо алганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын округдук шайлоо комиссиясына жеткирүүнү коштоого;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда мүчүлүштүктөр, дал келишпестиктер аныкталганда же округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын кайра саноого катышууга;
- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин шайлоо комиссиясынын катчысынан мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тез арада алууга.
44. Өкүл “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, башка шайлоо процессиндеги субъекттердин (талапкердин, шайлоо комиссиясындагы талапкердин өкүлүнүн) шайлоо укуктарын бузган шайлоо процессинин субъекттеринин чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко кайрылышы мүмкүн.
Шайлоо процессиндеги субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиянын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылат.
