Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын

2025-жылдын 1-августундагы

№ 50 токтому менен бекитилген

 

Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

Ушул Жобо төмөнкүдөй тартиптерди аныктайт:

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, округдук/аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары- Комиссия) тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо;

– укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын (мындар ары - кызмат адамдары) иши.

2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 11-главасына ылайык, Кодекстин 60– 69-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.

Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүдөй каралат:

– Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө, ошондой эле референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), жана (же) укук бузуулар жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан;

– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө -  тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан.

3. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо Комиссия жана кызмат адамдары мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк презумпциясынын, укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин боло тургандыгынын, адилеттүүлүктүн, жазалоону жекелештирүүнүн, гумандуулуктун принциптерине негизделет.

4. Комиссия жана кызмат адамдары өз ишинде Конституцияны, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республиксынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссиянын жана кызмат адамдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

– ар бир иштин шарттарын өз мезгилинде, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, аларды мыйзамдарга ылайык так чечүү;

– чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды табуу.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш тартиби

6. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйөө болуп саналат:

1) шайлоо комиссиясы тарабынан укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды тикелей табуу;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан келип түшкөн мыйзамдарды укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдар (билдирүүлөр);

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;

4) Түз линияга телефон чалуулар жана байланыштын башка булактары (Whats аpp каналы ж.б.) боюнча билдирүүлөр;

7. Укук бузуунун белгилерин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу, бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга негиз болуп саналат.

8. Шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздар (даттануулар, билдирүүлөр, материалдар) Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан алдын ала каралат.

9. Жумушчу топ өзүнүн жыйналышында келип түшкөн арыздын (даттануунун, билдирүүнүн, материалдардын) предметин аныктайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) шайлоо мыйзамдарында каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо шайлоо мыйзамдарында каралган арыздарды жалпы тартипте кароо жөнүндө;

2) Кодексте каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо арызды (даттанууну, билдирүүнү, материалдарды) ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна жана чечүүсүнө жөнөтүү жөнүндө .

10. Мында, Жумушчу топ арызда (даттанууда, билдирүүдө, материалдарда) Кодекстин 60–62, 64–69 -беренелеринде каралган укук бузуу белгилеринин болушун аныктоодо иштерди, эреже катары, шайлоо мыйзамында каралган жалпы тартипте карайт.

11. Жумушчу топтун иши Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен өзүнчө Жобо менен жөнгө салынат.

3. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы

12. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмеги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.

Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, эреже катары, төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдум өткөрүүдө - Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери;

2) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо - Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү.

13. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы арыз (даттануу, билдирүү, материалдар) келип түшкөндө алардагы укук бузууларды карайт жана Кодекстин 54-главасында белгиленген тартипте тиешелүү чечим кабыл алат.

Жасалган укук бузуу фактысы белгиленгенде ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен формада кагаз түрүндө протокол түзүлөт же электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн укук бузуулар жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.

14. Мыйзамдарда каралган учурларда протокол түзүлүшү мүмкүн болгон субъекттер болуп жарандар, кызмат адамдары, юридикалык жактар, (көрсөтүлгөн) талапкер, катталган талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партия, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары саналат.

15. Эгерде адам жасалган укук бузуулардын фактысын, аны айыптоо жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонулушун талашып-тартышпаса, анда укук бузуу жасалган жерде токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол тамгасын коёт, мында көрсөтүлгөн токтом анын көчүрмөсү бузуучуга берилген учурдан тартып күчүнө кирет.

Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

2) ишти кароо датасы;

3) иши каралып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;

5) тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин беренесин көрсөтүү;

6) иш боюнча кабыл алынган чечим.

16. Эгерде адам укук бузуу фактысын болгондугун же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан айып пул, же болбосо кошумча укуктук кесепет түрүндө айыптоону шарттаган фактысы болгондугун талашып-тартышса, түзүлгөн протоколду айып салуу үчүн Комиссиянын кароосуна жөнөтөт.

17. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, ал эми ал жокто аны алмаштырган адам даярдаган укук бузуу жөнүндө протокол жана материалдар тез арада Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна берилет.

18. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу укук бузуу жөнүндө протоколду түзүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин текшерет.

19. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу текшергенден кийин тез арада укук бузуу жөнүндө протоколду жана материалдарды аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

20. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти өзүнүн жыйналышында өзүнчө маселе катары карайт.

Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.

21. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын катчысы болуп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясында укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын катчысы болуп укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти саналат.

22. Шайлоо комиссиялардын жыйналышы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте өткөрүлөт.

23. Комиссиянын жыйналышы бузууларды жасагандыгы үчүн жазага тартылган адамдардын, ошондой эле Кодекске ылайык бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын катышуусу менен өткөрүлөт.

24. Бузууларды процессуалдык жол-жоболоштуруу Кодекстин 54-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Даттануу тартиби

25. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсүн же аны почта боюнча алган күндөн тартып 10-күндүн ичинде берилүүсү мүмкүн.

26. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечимге укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

27. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жана рефрендумда бузуулар жөнүндө чечим Бишкек шаарынын райондук сотуна даттанылат.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бузуулар жөнүндө чечим райондук сотко даттанылат.

28. Аймактык шайлоо комиссиясынын укук бузуу иштер боюнча чечимдери отурумга катышып жаткан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечимге төрагалык кылуучу жана катчы кол коет.

29. Ишти карап чыгуу аяктагандан кийин чечим дароо жарыяланууга тийиш.

30. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим, эгерде ага даттануу болбосо, даттануунун мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

31. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечимди мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдары, ошондой эле кызмат адамдары, жарандар жана алардын бирикмелери, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.

32. Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуу иштери боюнча чыгарылган чечимдерди аткаруу боюнча чараларды көрөт.

33. Айып өндүрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине келип түшөт.

5. Бузуулардын бирдиктүү реестри

34. Борбордук шайлоо комиссиясы берилген эскертүүлөрдү кошпогондо, колдонулган жазалар жана укук бузган адамдар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу, тартипке келтирүү жана сактоо максатында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматтык маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү.

35. Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуулар боюнча автоматтык маалыматтык система жүргүзүү боюнча координациялык-контролдук функцияны аткарат.

36. Автоматтык маалыматтык система төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

- укук бузууну жасаган адам жөнүндө (Ф.А.А., туулган датасы, жарандыгы, жашаган жери);

- колдонулган жазанын түрү;

- укук бузууну жасоонун мүнөзү (түрү) жана датасы;

- колдонулган жазаны аткаруу жөнүндө статус;

- токтомдун номери жана датасы.

37. Автоматтык маалыматтык система жаза чараларын салууга ыйгарым укуктуу адамдарга карап көрүү жана жазуу (мурда толтурулган маалыматтардагы өзгөртүүлөрдү, маалыматтарды алып салууну кошпогондо) режиминде жеткиликтүү болууга тийиш.

38. Жаза чарасы салынган субъекттер жаза чарасын аткарылышынын жоюлгандыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү алууга укуктуу.

39. Автоматтык маалыматтык системадагы маалыматтар үчүнчү адамдарга берилбөөгө тийиш.

40. Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык маалыматтык системанын негизинде статистика органдарына өткөн календардык жылда жасалган укук бузуулардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.

41. Аймактык шайлоо комиссиясы жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечимди ага тиркелген материалдар менен тез арада Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүүгө милдеттүү.

42. Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуулар жөнүндө киргизген маалыматтар автоматтык маалыматтык системада беш жылдан ашык эмес сакталат.

43. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түзүлгөн протоколдорду шайлоо комиссияларында бузууларды Бузуулардын бирдиктүү реестринде (мындан ары - УББР) каттоо үчүн ыйгарым укуктуу жакка токтоосуз өткөрүп беришет.

44. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузууларды УББРга каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен жүзөгө ашырылууга тийиш.

45. Укук бузууну жасаган адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда анда бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат. Укук бузууну жасаган адам протоколго тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү жана протоколдун маңызы боюнча сын пикирлерди берүүгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартышынын жүйөлөрүн баяндоого укуктуу.

46. Протоколду түзүү учурунда укук бузуучуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 498-беренесинде каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт бул жөнүндө протоколго белги коюлат.

47. Эгерде укук бузууну жасаган адамдын ден соолук абалынан же сабатсыздыгынан улам протокол менен өз алдынча таанышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, протоколду түзгөн адам анын мазмунун укук бузуучуга түшүндүрүүгө милдеттүү. Эгерде укук бузууну жасаган адамда дене боюнун кемчиликтеринен улам протоколго өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал аныктыгы мыйзамдарда белгиленген тартипте тастыкталган факсимилдик колду пайдалануу менен ага кол коюуга укуктуу.

6. Шайлоо комиссиянын иш-кагаздарын жүргүзүү

48. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жооптуу шайлоо комиссиянын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

49. Ушул Жобонун 21-пунктунда  белгиленген бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча шайлоо комиссиянын катчысы, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жак тарабынан укук бузуулар жөнүндө протокол даттанылган учурда иштин материалдарын шайлоо комиссиянын жыйналышына даярдайт.

Шайлоо комиссиянын катчысы комиссиянын мүчөлөрүн, укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн адамды жана башка кызыктар жактарды комиссиянын жыйналышынын датасы, орду жана убактысы жөнүндө бир күн мурда билдирет.

50. Шайлоо комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштердин бардыгы эсепке алынууга жатат. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери өзүнө каттоо журналын жана келип түшкөн жылы боюнча иштин ирээттик номерин камтыйт.

51. Укук бузуу иштери сейфтерде (металл шкафтарда) сакталат. Сейфтер (металл шкафтар) ишенимдүү кулпу менен жабдылат жана мөөр басып бекитилет, алар төрагага гана жеткиликтүү.

52. Эсепке алуу журналынын сакталышы, аларга киргизилген маалыматтардын өз мезгилдүүлүгү жана аныктуулугу үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.

53. Шайлоо комиссиянын катчысы укук бузуулар жөнүндө иштин түзүлүшүн камсыз кылат, жыйналыштын процессинде ишке тиркелген бардык документтер алар келип түшкөн түрүндө хронологиялык, анын ичинде комиссиянын мурдагы жыйналышындагы кат жазышуу тартибинде тигилет.

54. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл, укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү - 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар архивге тизими боюнча өткөрүлөт.

55. Шайлоо комиссия укук бузууларды, ошондой эле кошумча укуктук кесепеттер колдонулган адамдарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине Кодекске ылайык каттоону жүзөгө ашырат.

56. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:

1) өз учурунда жөнөтүү;

– айыптын суммасын жоопкерчиликке тартылган адамдын эмгек акысынан же башка кирешелеринен мажбурлоо тартибинде кармап калуу үчүн ал сыйакы, пенсия, стипендия алган иштеген жери боюнча же уюмда айып салуу жөнүндө чечимдер;

– мажбурлап аткаруу үчүн мамлекеттик соттук аткаруучуга айып салуу жөнүндө чечимдер;

2) төмөнкүлөр менен ар айдагы салыштырууну жүргүзүү:

- бюджетке келип түшкөн айыптардын суммалары боюнча салык органдары менен, шайлоо комиссияларынын отчеттук маалыматтары менен;

 - сотко жөнөтүлгөн жана келип түшкөн укук бузуулар жөнүндө иштер;

- камак түрүндө өндүрүп алуу жөнүндө соттордун чыгарылган жана аткарылган токтомдору боюнча;

- жоопкерчиликке тартылган адам сыйакыны, пенсияны, стипендияны алган иштеген жери боюнча же уюмда анын эмгек акысынан же башка кирешелеринен айыптын суммасын мажбурлоо тартибинде кармап калууга багытталган токтомдорду аткаруу боюнча;

- мажбурлоо тартибинде жөнөтүлгөн жана аткарылган токтомдор боюнча аткаруу өндүрүшүнүн органдары менен.