“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 14-ноябрындагы № 138
токтому менен бекитилген
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө”
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибин аныктайт.
1.2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү өзүнүн шайлоо участогунан башка жерде жүргɵн жарандардын, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок добуш берүү күнү өзүнүн шайлоо участогунан тышкары жүргөн шайлоочулар өздөрүнүн добуш берүү укугун ишке ашыра алуусу үчүн берилет. Бул Кыргызстандын башка шайлоо округунда же өлкөнүн чегинен тышкары (чет өлкөдө) жүргɵн жарандар үчүн актуалдуу.
Аралыктан добуш берүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык шайлоо участокторунда;
2) чет өлкөдө түзүлгөн шайлоо участокторунда;
3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чечими менен түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторунда колдонулат.
1.3. Өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн аралыктан добуш берүү жеткиликтүү болот, бирок кошумча шарттарды сактоону талап кылат.
Биометрикалык каттоонун жана Кыргыз Республикасындагы актуалдуу ички каттоо (прописка) дарегинин болушу милдеттүү шарт болуп эсептелет.
Чет өлкөдө аралыктан добуш берүү онлайн идентификация аркылуу ишке ашырылып, андан кийин аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунда тиешелүү бюллетенди басып чыгаруу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
1.4. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнүн, добуш берүүнүн купуялуулугун сактоонун натыйжаларынын шифрленген түрдө өзгөрүлбөй тургандыгын, шайлоочунун жеке маалыматтары менен анын өз эркин билдирүүсүнүн ортосундагы байланышты аныктоо, ошондой эле жарандык көзөмөл жана байкоо жүргүзүү инструментин камсыздоо мүмкүн эместигин эске алуу менен шайлоочунун өз эркин билдирүүсүн жүзөгө ашыруу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды түзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
1.5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору, атап айтканда, мекемелерде, уюмдарда, жарандар убактылуу болуучу пункттарда; шайлоочулар көп чогулган жерлерде (аэропорттор, соода борборлору, базарлар ж.б.) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча башка жерлерде түзүлүшү мүмкүн.
1.6. Шайлоо округуна байланбаган аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторун кошпогондо, бир көп мандаттуу округдун чегинде өзүнүн шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.
1.7. Эгерде шайлоочу өзүнүн шайлоо округунун чегинен тышкары убактылуу жүрсө, ал каалаган шайлоо участогунда, анын ичинде аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу.
Жайдан тышкары добуш берүүдө аралыктан добуш берүү колдонулбайт. Аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү гана өткөрүлөт.
II. Аралыктан добуш берүүнү уюштуруу
2.1. Аралыктан добуш берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын онлайн идентификациялоону өткөрүүнү жана коргоону, добуштарды контролдоону жана эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык системаларын пайдалануу менен уюштурулат.
2.2. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин муктаждыктарды жана логистикалык шарттарды талдоонун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогун уюштурууну тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына жүктөөгө укуктуу.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларын түзүү аларды түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин түздөн-түз округдук шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларынын курамы округдук шайлоо комиссиялары тарабынан округдук шайлоо комиссияларынын курамына киргизилбеген аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, резервдеринен, шайлоочулардын топторунан, аймагында/жайында ошол аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиялары түзүлгөн уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, коомдук уюмдардын кызматкерлеринин ичинен түзүлөт.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларынын сандык курамы жетиден кем эмес адамдан турууга тийиш.
2.3. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиялары мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде аралыктан добуш берүү тартибин уюштурат, добуш берүү үчүн жайларды жана жабдууларды даярдайт.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, уюштурулушу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен бирдей белгиленет.
2.4. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторунда жарык берүү системасы менен жабдылган жана жазуу куралдары, серептөөчү монитору, автоматтык түрдө эсептөөчү урналар (мындан ары – АЭУ), принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (мындан ары – ПИТ), видеокөзөмөл түзүлүшү, үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо булагы, ошондой эле тармактык жабдуу менен камсыздалган добуш берүү үчүн кабиналар жайгаштырылат.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторунун жайы АЭУ, ПИТ жана серептөөчү монитору бир эле учурда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында боло тургандай жабдылышы керек.
Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин жана добуш берүүнүн жүрүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн шайлоо участокторунда видеокөзөмөл түзүлүштөрү орнотулат.
III. Шайлоочулардын тизмелери
3.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүгө добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана тиешелүү шайлоо округу боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.
Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.
Аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын арыз берүүсү талап кылынбайт.
Шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын өзүнчө тизмелери добуш берүү күнүнө чейин түзүлбөйт. Шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын өзүнчө тизмелери шайлоочулар идентификациядан өткөндөн кийин добуш берүү күнү түзүлөт.
Аралыктан добуш берүүгө катышуучулар жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын борборлоштурулган маалыматтык системасында шайлоочунун добуш берүү күнү аралыктан добуш берүүгө катышкандыгынын негизинде сакталат жана иштетилет.
3.2. Аралыктан добуш берүүгө катышуу маалыматтык системада катталат жана идентификациядан кайра өтүүгө жол бербейт.
3.3. Идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 (жети) календардык күндөн кечиктирилбестен “Тизме” мамлекеттик порталына жарыяланат.
IV. Аралыктан добуш берүү тартиби
4.1. Аралыктан добуш берүү добуш берүү күнү шайлоо участогу жайгашкан жердин жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
4.2. Аралыктан добуш берүүнүн жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Шайлоочунун инсандыкты ырастоочу документти (идентификациялык карта (ID), жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык паспорт, кызматтык паспорт же “Түндүк” тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспорт) көрсөтүүсү;
2) Инсандыкты ырастоочу документтеги сүрөттү шайлоочунун сырткы келбети менен визуалдык салыштыруу;
3) Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин текшерүү;
4) Шайлоочунун ушул шайлоо участогунда добуш берүүгө катышуу укугун текшерүү (шайлоочунун өзүнүн шайлоо округунун чегинен тышкары жүргөнүн тастыктоо);
5) Жеке маалыматтар боюнча идентификациялоо – сканерлөө үчүн камера аркылуу шайлоочунун паспортунун машина менен окулуучу зонасын (MRZ) сканерлөө. Жеке маалыматтар боюнча идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочуну биометрикалык идентификациялоо колдун манжаларынын издери аркылуу жүргүзүлөт. Колдун манжаларынын издерин сканерлөө аракеттеринин саны 10 (он) жолудан ашпоого тийиш.
Колдун манжаларынын издери аркылуу идентификациялоодон өтпөй калган учурда, шайлоочу идентификациялоо үчүн камераны колдонуу аркылуу бетинин геометриясы боюнча идентификациядан өтөт;
6) Шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда шайлоочуга тиешелүү шайлоо округунун чеги жана шайлоо бюллетени басып чыгарылат;
7) Идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек шайлоочу тарабынан шайлоочуну аралыктан добуш берүүгө катышкандардын тизмесине каттаган шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерип, өзүнүн колун коёт;
8) Шайлоо бюллетени добуш берүү үчүн кабинада толтурулат, анда добуш берүүнүн купуялуулугу сакталат жана башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт;
9) Шайлоо бюллетени АЭУга салынат.
4.3. Эгерде система шайлоочу өзүнүн шайлоо округунун чегиндеги өзүнүн участогунда эместигин аныктаса, ага аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилбейт. Мындай учурда шайлоочуга катталган жери боюнча шайлоо участогунда гана же болбосо башка шайлоо округунун шайлоо участогунда добуш берүү сунушталат.
Шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар көрө ала турган жерге илинген серептөөчү монитордо төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны;
- идентификациялоодон өтүп жаткан жана (же) өткөн шайлоочулардын сүрөттөрү.
4.4. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасы атайын СМАРТ-картанын жардамы менен кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгарат, мында кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгаруу үчүн ПИТке бузулган шайлоо бюллетенинин QR-кодун тиркөө зарыл. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кайталанган шайлоо бюллетени берилгендиги (себебин көрсөтүү менен) жана бузулган шайлоо бюллетени жокко чыгарылгандыгы жөнүндө акт түзүлөт.
Бузулган шайлоо бюллетенин жокко чыгаруу жеринде анын төмөнкү оң жана жогорку сол бурчтарындагы QR-коддорду кесүү аркылуу жүргүзүлөт. Шайлоочулардын тизмеси үчүн жооптуу аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсү тизмеге аралыктан добуш берүүгө катышуучу шайлоочунун аты-жөнүнүн тушуна тиешелүү белги коёт.
Кайталап берилүүчү шайлоо бюллетени бир гана жолу басып чыгарылат.
V. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби
5.1. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн ошол эле жайда добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылганга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлүүчү жер участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү жете тургандай болуп жабдылууга тийиш. Мында участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн иш-аракеттери саноого катышып жаткан бардык адамдар үчүн толук көрүнүп турууга тийиш.
Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды саноодо жазма буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
5.2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү бюллетендерин саноо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча ар бир шайлоо округу боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Андан соң шайлоо округдары боюнча бөлүштүрүлгөн бюллетендер ар бир талапкер жана “Баарына каршы” позициясы боюнча өз-өзүнчө эсептелет.
Саноо шайлоочунун белгисин саноого катышып отургандардын баары көрүп, жыйынтыгын уга тургандай болуп, бюллетендерди бир таңылчактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен үн чыгарып жүзөгө ашырылат. Ар кандай таңылчактардан шайлоо бюллетендерин бир эле убакта саноого жол берилбейт.
Жараксыз бюллетендерди жарактуу бюллетендерге алып коюуга жол берилбейт.
Ар бир шайлоо округу жана “Баарына каршы” позициясы боюнча шайлоо бюллетендерин саноонун жыйынтыгында алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго киргизилет.
5.3. Аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясы тарабынан аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюлгандан кийин дароо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары бардык катышкан талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыяланат.
5.4. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын – аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмелери, чектери, АЭУнун баштапкы жана жыйынтыктоочу протоколдору, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттор өзүнчө пакеттерге салынып, анда шайлоо участогунун номери, шайлоо бюллетендеринин, чектеринин саны жана шайлоочулардын тизмелеринин аталышы көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнүп, аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, өзүнчө баштыкка же кутуга салынып, түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктун орду боюнча тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
5.5. Маалыматтык шайлоо системасында (мындан ары – МШС) ар бир шайлоо округу боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду (мындан ары – электрондук протокол) түзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо тиешелүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда округдук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынат.
Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары МШСнын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Шайлоо комиссияларынын системдик администраторлору электрондук протоколдорду басып чыгарышат жана аларды тиешелүү округдук шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.
5.6. Электрондук протокол төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- аралыктан добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны;
- жарактуу бюллетендердин саны;
- жараксыз бюллетендердин саны;
- талапкерлердин тизмеси, алган добуштарынын санын көрсөтүү менен;
- «Баарына каршы» позициясына берилген добуштардын саны.
5.7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо тиешелүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5.8. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорду басып чыгаруу процессинде талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сүрөткө, видеого тартуу болушу мүмкүн.
5.9. Эгерде аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгын аныктоого мүмкүндүк бербеген кандайдыр бир бузууларга жол берилсе, шайлоо мыйзамдарына ылайык ошол шайлоо участогундагы аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн. Бул учурда шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп таанылган аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары эсепке алынбастан, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
