Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 15-августундагы
№ 56 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (мындан ары - КТТ) милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын, уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
3. КТТ талапкерлердин, саясий партиялардын, референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин, ошондой эле алардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн түзүлөт.
4. КТТ шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) алдында түзүлөт.
5. КТТ ачыктык, мыйзамдуулук, калыстык принциптеринде иш алып барат.
6. КТТ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана башка актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. КТТнын ишин уюштуруу, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
8. КТТнын ишин каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери
9. КТТнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– талапкерлердин, саясий партиялардын, референдумдун фонддорун, шайлоо фонддорун, акча каражаттарынын келип түшүү булактарын жана пайдаланышын, талапкерлердин, саясий партиялардын жана референдумга “макул” же “каршы” топтордун финансылык отчетторунун туура эсепке алынышын жана текшерилишин контролдоо;
– талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдумдун фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө жана өз ишинин натыйжалары жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун функциялары
10. КТТ милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыздайт:
– шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар, “макул” же “каршы” топтор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү, шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын каржылоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын сакташын текшерүүнү;
– талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” же “каршы” топтордун шайлоо фонддорунун банктык же башка мекемелер тарабынан берилген атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды (билдирүүлөрдү) чогултуу жана талдоону;
– талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” же “каршы” топтордун шайлоо фонддорунун жана референдумдун фонддорунун атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторун текшерүү жана алардын баштапкы финансылык документтерге шайкештигин белгилөөнү;
– талапкерлер, саясий партиялар, “макул” же “каршы” топтор тарабынан шайлоолор, референдум аяктагандан кийин тиешелүү фонддордун чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарын кайтарып берүүнү контролдоону;
– талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо төгүмдөрүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине келип түшүүсүнүн жана алардын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулушунун тууралыгын текшерүүнү;
– шайлоо кампанияларын, референдумдун кампанияларын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, банктарда жана башка кредиттик-финансылык мекемелерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
– шайлоолорду, референдумду каржылоо маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын иштеп чыгууга катышууну;
– талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдумдун фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;
– шайлоолорду, референдумду, ошондой эле шайлоо кампанияларын жана референдум кампанияларын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароону;
– шайлоолорду, референдумду каржылоо маселелери боюнча бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына, ошондой эле талапкерлерге, саясий партияларга, “макул” же “каршы” топторго шайлоо жана референдум кампанияларын каржылоо жана алардын финансылык отчетторун даярдоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү;
– талапкерлердин, саясий партиялардын, референдумдун фонддоруна “макул” же “каршы” топтордун шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды (билдирүүлөрдү), көрсөтүлгөн фонддордун финансылык отчетторун жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка маалымат булактарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоону.
4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруунун жана ишмердүүлүгүнүн тартиби
11. КТТ Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
Курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
12. КТТ шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлөт жана КТТнын иш-чаралар планында, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жана/же Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым жазуу жүзүндөгү тапшырмаларында аныкталган милдеттерди ишке ашыруу аяктаганга чейин иштейт.
13. КТТнын иши өз ыйгарым укуктарынын негизинде жана анын чегинде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
– КТТнын иш-чараларынын планынын (Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген);
– Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана КТТнын жетекчисинин айрым тапшырмаларынын;
– түшкөн даттануулардын, арыздардын жана кайрылуулардын.
14. КТТнын жыйналыштары зарылдыгына жараша шайлоо, референдум мезгилинде айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыштар протоколдоштурулат.
15. КТТ өз ишинин натыйжалары боюнча корутундуларды (актыларды) жана маалымкаттарды түзөт. КТТнын ишинин натыйжалары жөнүндө маалымат жалпылаштырылгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына берилет жана расмий сайтка жарыяланат.
16. КТТга төмөнкүлөр кирет: КТТнын жетекчиси, КТТга дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, тартылган укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистери, ошондой эле тартылган эксперттер. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоону, референдумду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына иш сапарына жиберүүгө милдеттүү.
17. КТТ иштеген мезгилде тартылган адистер негизги ишинен бошотулат, алардын негизги иштеген жериндеги (кызматы) орду, белгиленген кызматтык маянасы жана башка төлөмдөрү сакталат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге шайлоолорду, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акы да төлөнүшү мүмкүн.
5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ыйгарым укуктары
18. КТТ Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” же “каршы” топтордун, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;
2) талапкерлерден, саясий партиялардан, “макул” же “каршы” топтордон, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды сурайт жана алат;
3) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү, референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнү, талапкерлердин, саясий партиялардын, референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан башка иш-чараларды жүзөгө ашырууну каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт;
4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле КТТнын карамагына таандык маселелер боюнча жарандарга кайрылат, шайлоону же референдумду финансылык жактан камсыз кылууга байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. КТТнын кайрылууларына жана ал сураган материалдарга жооптор 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө чейин 5 же андан аз күн калганда жана добуш берүү күнүндө дароо берилет;
5) шайлоону каржылоодо финансылык тартип бузуулар жөнүндө документтерди (корутундуларды, маалымкаттарды, эксперттик баалоолорду) түзөт;
6) талапкерлерге, саясий партияларга, “макул” же “каршы” топторго, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” же “каршы” топтордун шайлоо өнөктүгүн каржылоодо жол берилген бузуулар үчүн жарандарга жана юридикалык жактарга карата жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына маселелерди коет;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баа берүүлөрдү даярдоого адистерди жана эксперттерди тартат.
19. Шайлоо жана референдум фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, шайлоо өнөктүгүн финансылоо жөнүндө талапкерлердин, саясий партиянын, референдум топторун финансылык отчеттору, шайлоо төгүмдөрүнүн келип түшкөн каражаттарынын суммасы жана мамлекеттик бюджетке которулган сумма жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери
20. КТТнын жетекчиси:
– КТТнын ишин уюштурат;
– КТТнын карамагына кирген маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иш планына сунуштарды киргизет;
– мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, шайлоо комиссияларында, саясий партияларда, Кыргыз Республикасынын коомдук, коммерциялык жана башка ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын жана “макул” же “каршы” топтордун алдында КТТнын кызыкчылыгын коргойт;
– КТТнын иши жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына отчет берет;
– КТТнын курамына кирген адамдардын, КТТнын ишине тартылган адамдардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет;
– КТТнын Борбордук шайлоо комиссиясы менен туруктуу байланышын камсыз кылат, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды киргизет.
21. КТТнын жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин КТТнын курамындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
7. Жоопкерчилик
22. КТТнын мүчөлөрү мыйзамдардын сакталышы үчүн; тыянактардын объективдүүлүгү жана негиздүүлүгү үчүн; купуя маалыматты сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат.
23. Иш тартибин бузгандыгы, маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн КТТнын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен четтетилиши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
8. Корутунду жоболор
24. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык чечилет.
