01.07.2021 №589 Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 28-июнуна дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жонүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2021-жылдын 14-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу

№ 589