14.12.2021 №833 Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын                                                    2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Ысык-Ата шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 69 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 96 866 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 30 192 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 31.17%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 11 талапкерди каттады:

 

  1. Касымов Аскар Тумурчинович;
  2. Курманов Байыш Жантаевич;
  3. Таштанбеков Акбокон Дукенович;
  4. Дурсунов Атамша Латифович;
  5. Джыргалбаев Нурбек Усенкулович;
  6. Бекитаев Мирлан Абдыбекович;
  7. Эдигеев Джанат Асылбекович;
  8. Рыскулов Максат Борисович;
  9. Садовников Вадим Александрович;
  10. Будайчиев Дуйшомбек Кадыркулович;
  11. Кожокеев Акылбек Алмарбекович

Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы №3/3 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №7410 шайлоо участогунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №30 Ысык-Ата округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 30 Ысык-Ата шайлоо округунун 68 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

 

- Касымов Аскар Тумурчинович 1019 (3,40%) добуш алды;  

- Курманов Байыш Жантаевич 2797 (9,34%) добуш алды;   

- Таштанбеков Акбокон Дукенович 4806 (16,05%) добуш алды;   

- Дурсунов Атамша Латифович 3371 (11,26%) добуш алды;   

- Джыргалбаев Нурбек Усенкулович 2992 (9,99%) добуш алды;  

- Бекитаев Мирлан Абдыбекович 1110 (3,71%) добуш алды;  

- Эдигеев Джанат Асылбекович 4507 (15,05%) добуш алды;  

- Рыскулов Максат Борисович 2798 (9,35%) добуш алды;   

- Садовников Вадим Александрович 1204 (4,02%) добуш алды;   

- Будайчиев Дуйшомбек Кадыркулович 288 (0,96%) добуш алды;  

- Кожокеев Акылбек Алмарбекович 499 (1,67%) добуш алды;  

- “Баарына каршы” позициясы үчүн 3325 (11,11%) добуш берилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Таштанбеков Акбокон Дукенович - бир мандаттуу № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 14 -декабры

833