13.12.2021 №829 № 27  Биринчи май май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болбой калды деп таануу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 27 Биринчи май шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Биринчи май шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 109 558 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 32 907 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 30,04%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 7 талапкерди каттады:

 

  1. Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич;
  2.  Марлис Уулу Эдил;
  3.  Акылбеков Русланбек Акылбекович;
  4.  Абдраманова Эркингуль Абыловна;
  5.  Койчуманов Мээримбек Нурбекович;
  6. Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич;
  7. Токтакунов Нурбек Акбарович.

 

Бир мандаттуу №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 3 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№27 Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы №8/3 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №1242, 1251, 1229, 1040 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №27 Биринчи май округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча №27 Биринчи май шайлоо округунун 56 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

-Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич – 3 272 (9,94%) добуш алды;

- Марлис Уулу Эдил– 1 716 (5,21%) добуш алды;

- Акылбеков Русланбек Акылбекович – 4 890 (14,86%) добуш алды;

- Абдраманова Эркингуль Абыловна – 1 773 (5,39%) добуш алды;

- Койчуманов Мээримбек Нурбекович – 3 911 (11,88%) добуш алды;

-Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – 1 325 (4,02%) добуш алды;

-Токтакунов Нурбек Акбарович – 3 840 голосов (11,67%) добуш алды;

-“Баарына каршы” позициясы үчүн 11 009 (33,47%).добуш берилди.

 

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бир мандаттуу №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №27 Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнун, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болбой калды деп таанылсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 13-декабры

№829