13.12.2021 №828 Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.
Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 58 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 106565 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 34257 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 32,15%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 6 талапкерди каттады:
1. Жээнбеков Келдибек Эркинбекович;
2. Шаимкулов Манас Каныбекович;
3. Салымбаев Чынгыз Жусупович
4. Атабеков Таалайбек Айтышович;
5. Мамасыдыков Кумарбек Канболотович;
6. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич.
Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Жалал-Абад округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Жээнбеков Келдибек Эркинбекович 1978 (5,77%) добуш алды, Шаимкулов Манас Каныбекович 1842 (5,38%) добуш алды, Салымбаев Чынгыз Жусупович 585 (1,71%) добуш алды, Атабеков Таалайбек Айтышович 1173 (3,42%) добуш алды, Мамасыдыков Кумарбек Канболотович 1365 (3,98%) добуш алды, Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич 21287 (62,14%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 4500 (13,14%) добуш берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.
Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Жалал-Абад округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич бир мандаттуу № 14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 13-декабры
№ 828