13.12.2021 №827 Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.
Бир мандаттуу Сузак шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 111510 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 37765 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 33,87%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 12 талапкерди каттады:
1. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич;
2. Икрамов Тазабек Икрамович;
3. Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович;
4. Максутов Манас Кутчубекович;
5. Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич;
6. Лилиенталь Юлия Викторовна;
7. Камбаров Абдиллабек Ракманович;
8. Кулматов Эделбек Маматкулович;
9. Джээнбеков Жусупжан Амражанович;
10. Шакиров Асан Шакирович;
11. Эгембердиев Омурбек Калыбекович;
12. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович.
Анын ичинен 9 талапкер добуш берүүгө катышты.
Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 1 арыз түштү. Түшкөн арызы каралып чыкты жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич - 2146 (5,68%) добуш алды, Икрамов Тазабек Икрамович - 11912 (31,54%) добуш алды, Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович - шайлоого катышуудан баш тартты, Максутов Манас Кутчубекович - 526 (1,39%) добуш алды, Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич - шайлоого катышуудан баш тартты, Лилиенталь Юлия Викторовна - 867 (2,3%) добуш алды, Камбаров Абдиллабек Ракманович - 2044 (5,41%) добуш алды, Кулматов Эделбек Маматкулович - 10134 (26,83%) добуш алды, Джээнбеков Жусупжан Амражанович - 1265 (3,35%) добуш алды, Шакиров Асан Шакирович - шайлоого катышуудан баш тартты, Эгембердиев Омурбек Калыбекович - 3054 (8,09%) добуш алды, Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович - 2275 (6,02%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 1724 (4,57%) добуш берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.
Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Икрамов Тазабек Икрамович бир мандаттуу № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 13-декабры
№ 827