12.12.2021 №825 Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу №20 Манас шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 63 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 82 635 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 33 610 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 40,67 %.%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү    6 талапкерди каттады:

 

  1. Шаршенбек Сардар;
  2. Назарбеков Мирлан Рысбекович;
  3. Мамбеткулов Замирбек Токтогулович;
  4. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
  5. Джакеев Алмазбек Алманбетович;
  6. Джумабеков Дастанбек Артисбекович.

 

Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 4 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Манас округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

 

-Шаршенбек Сардар – 859 (2,56%) добуш алды;

-Назарбеков Мирлан Рысбекович – 13193 (39,25%) добуш алды;

-Мамбеткулов Замирбек Токтогулович – 1207 (3,59%) добуш алды;

-Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович – 345 (1,03 %) добуш алды;

-Джакеев Алмазбек Алманбетович – 3080 (9,16%) добуш алды;

-Джумабеков Дастанбек Артисбекович – 13252 (39,43%) добуш алды;

- “Баарына каршы” позициясы үчүн - 934 ( 2,78%) добуш берилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №20 Манас округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Джумабекова Дастанбека Артисбековича - бир мандаттуу № 20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры

№825