10.12.2021 №813 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1,           62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-декабрындагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин

4. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-декабры

№ 813