09.12.2021 №804 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 457 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү.
Кербен шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Кербен шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Кербен шаардык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу учун 8 саясий партия катталды, төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ынтымак» - 18,82% (7 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 21,85% (9 мандат); «Бүтүн Кыргызстан» - 16,17% (6 мандат); «Ишеним» - 16,11% (6 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 7,79% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 17389 түзүп, анын ичинен 6765 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 38,9% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 10 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 3-декабрындагы протоколдорунун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-декабрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кербен шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 9-декабры,
№ 804