09.12.2021 №800 Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.
Бир мандаттуу Сокулук шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 55 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу № 55 Сокулук шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 100 105 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 25 932 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 25.90%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 7 талапкерди каттады:
1.Аширбаев Элкинбек Токтогонович;
2. Карымшакова Гулуйпа Омурзаковна;
3. Джунусалиев Рамис Майрамбекович;
4. Садалиев Улан Шейшенбекович;
5. Абдылдаев Сооронбай Эргешович;
6. Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович;
7. Кенжебаев Аманкан Батырбекович.
Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 4 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
№24 Сокулук округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-декабрындагы №9 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 7238 жана №7415 шайлоо участогунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №24 Сокулук округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 24 Сокулук шайлоо округунун 53 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.
Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Сокулук округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Аширбаев Элкинбек Токтогонович 3776 (14,5%) добуш алды;
- Карымшакова Гулуйпа Омурзаковна 1398 (5,4 %) добуш алды;
- Джунусалиев Рамис Майрамбекович 4108 (15,8 %) добуш алды;
- Садалиев Улан Шейшенбекович 3285 (12,7 %) добуш алды;
- Абдылдаев Сооронбай Эргешович 1456 (5,6 %) добуш алды;
- Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович 1117 (4,3 %) добуш алды;
- Кенжебаев Аманкан Батырбекович 5005 (19,3 %) добуш алды;
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 4665 (18,0%) добуш берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.
Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №24 Сокулук округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Кенжебаев Аманкан Батырбекович - бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 09-декабры
№800