09.12.2021 №798 Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округунун схемасы бекитилди.
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 105 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 113535 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 42895 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 37,8%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 7 талапкерди каттады:
1. Примов Улан Бердибаевич;
2. Божонов Замирбек Сабиржанович;
3. Саипов Бакытбек Саипович;
4. Орунбеков Дайырбек Тейишович;
5. Тоотаев Улукмырза Абдилашимович;
6. Каримбеков Абдисаит Момунбаевич;
7. Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич.
Алардын ичинен шайлоого 5 талапкер катышкан
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 2 арыз түштү. Түшкөн арыздар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
Алай округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы №16 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык №5542, №5140 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ал шайлоо участактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жыйынтык натыйжасына таасир этпегендигин белгилей кетүү керек. Шайлоонун натыйжалары боюнча №11 Алай шайлоо округунун 103 шайлоо участкаларында жыйынтыктар чыгарылды.
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Алай округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Примов Улан Бердибаевич 21596 (50,35%) добуш алды;
- Божонов Замирбек Сабиржанович 4525 (10,55%) добуш алды;
- Саипов Бакытбек Саипович 6106 (14,23%) добуш алды;
- Орунбеков Дайырбек Тейишович 6436 (15,00%) добуш алды;
- Тоотаев Улукмырза Абдилашимович 1223 (2,85%) добуш алды;
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 1891 (4,41%) добуш берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.
Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Алайокругдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Примов Улан Бердибаевич бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 9-декабры
№798