13.11.2021 №785 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо
эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарыннын шайлоонун дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29–августундагы ПЖ №370 жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Нидерландынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Эл аралык мамилелердин Улуттук демократиялык институтунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Кореялык эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана КМШ Миссиясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-ноябры
№ 785