08.11.2021 №780 Шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Чүй облусунун Сокулук районунун №7241, № 7225, № 7417, № 7268, Ош облусунун Алай районунун №5442, № 5142, № 5133, Араван районунун № 5518, Баткен облусунун Кадамжай районунун №8126, №8127, №8136 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Сокулук, Алай, Араван жана Кадамжай округдук шайлоо комиссияларынын №7241, № 7225, № 7417, № 7268, №5442, № 5142, № 5133, № 5518, №8126, №8127, №8136 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун №7241 шайлоо участкасынын дареги Фрунзе айылынын клубтун имаратынан Фрунзе айылынын №1 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Чүй облусунун Сокулук районунун №7225 шайлоо участкасынын дареги Жангарач айылынын Жетикашкаева ат. орто мектебинин имаратынан Жангарач айылынын клубтун имаратына өзгөртүлсүн.
3. Чүй облусунун Сокулук районунун №7417 шайлоо участкасынын дареги Военно-Антоновка айылынын «Рассвет» АКЧ клубтун имаратынан Военно-Антоновка айылынын «Султан Хол» тойкананын имаратына өзгөртүлсүн.
4. Чүй облусунун Сокулук районунун №7268 шайлоо участкасынын дареги Камышановка айылынын клубтун имаратынан Камышановка айылынын орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
5. Ош облусунун Алай районунун №5442 шайлоо участкасынын дареги Сары-Могол айылынын спорт залынан Сары-Могол айылынын маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
6. Ош облусунун Алай районунун №5142 шайлоо участкасынын дареги Арпа-Тектир айылынын маданият үйүнүн имаратынан Арпа-Тектир айылынын №24 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
7. Ош облусунун Алай районунун №5133 шайлоо участкасынын дареги Согонду айылынын маданият үйүнүн имаратынан Согонду айылынын китепкананын имаратына өзгөртүлсүн.
8. Ош облусунун Араван районунун №5518 шайлоо участкасынын дареги Мангыт айылынын маданият үйүнүн имаратынан Мангыт айылынын ФАП имаратына өзгөртүлсүн.
9. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын спорт залынын имаратынан Кадамжай шаарынын РЭТ имаратына өзгөртүлсүн.
10. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Ж. Мамажанов ат. маданият үйүнүн имаратынан Кадамжай шаарынын сурма чыгарган комбинатынын имаратына өзгөртүлсүн.
11. Баткен облусунун Кадамжай районунун №8136 шайлоо участкасынын дареги Актурапак айылынын Ш. Жээнбаев ат. орто мектебинин имаратынан Актурапак айылынын клубтун имаратына өзгөртүлсүн.
2. Сокулук, Алай, Араван жана Кадамжай округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 8-ноябры
№780