06.11.2021 №779 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун №2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Сузак, Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын №2395, №2186 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395 шайлоо участкасынын дареги Боз-Чычкан айылынын Т.Азимов көчөсү дарегиндеги №85 орто мектебинин имаратынан Таштак айылынын Мин-Орук көчөсү дарегиндеги №71 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкасынын дареги Сакалды айылынын Ы.Орозалиев көчөсү 38 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Сакалды айылынын Ы.Орозалиев көчөсү 41 дарегиндеги №11 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Сузак, Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 6-ноябры
№ 779