26.10.2021 №761 Баткен облусунун Лейлек районунун № 8013 жана №8014 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Баткен облусунун Лейлек районунун № 8013 жана №8014

шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Лейлек округдук шайлоо комиссиясынын № 8013 жана № 8014 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 шайлоо участкасынын дареги Кулунду айылынын К.Ниязматов көчөсү 14 дарегиндеги Маданият үйүнүн эски имаратынан, Кулунду айылынын Ленин көчөсү 56 дарегиндеги Кулунду айыл өкмөтүнүн жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

2. Баткен облусунун Лейлек районунун №8014 шайлоо участкасынын дареги И.Раззаков айылынын Ленин көчөсүндөгү Спорт комплексинин эски имаратынан, И.Раззаков айылынын Ленин көчөсү 44 дарегиндеги Исхак Раззаков атындагы орто мектебинин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

3. Лейлек округдук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-октябры

№ 761