25.10.2021 №760 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо
эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарыннын шайлоонун дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29–августундагы ПЖ №370 жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА), Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-октябры
№ 760