19.10.2021 № 749 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2021-жылдын 15-октябрындагы № 85 тескемеси менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымов Манас Кадырович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 5-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-октябры
№ 749