28.09.2021 №713 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун № 2281, Ноокен районунун № 2163, Чүй облусунун Токмок шаарынын №7066, Кемин районунун №7031, Чүй районунун №7037 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

 

Ала-Бука, Ноокен жана Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларынын № 2281, № 2163, №7066, №7031 жана №7037 шайлоо участкаларынын имараттары канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун № 5416 шайлоо участкасынын дареги Өрүктү айылынын А.Ражапов көчөсү 87 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан, Өрүктү айылынын А.Ражапов көчөсү 12 дарегиндеги А.Жуманазаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2163 шайлоо участкасынын дареги Тоскоол айылынын Тоскоол-Ата көчөсү 59 дарегиндеги Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратынан, Тоскоол айылынын Чарчы-Дөбө көчөсү 55 дарегиндеги Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Чүй облусунун Токмок шаарынын № 7066 шайлоо участкасынын дареги Токмок шаарынын Гагарина көчөсү 71 дарегиндеги агроөнөр жай колледж имаратынан, Токмок шаарынын Гагарина көчөсү 65 дарегиндеги И. Раззаков атындагы техникалык институттун имаратына өзгөртүлсүн.

4. Чүй облусунун Кемин районунун № 7031 шайлоо участкасынын дареги Тегирменти айылынын А.Молдо көчөсү 2/1 дарегиндеги айылдык клубунун имаратынан, Тегирменти айылынын Азиз көчөсү 2/1 дарегиндеги Б. Солтонбаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

5. Чүй облусунун Чүй районунун № 7037 шайлоо участкасынын дареги Искра айылынын Биянху көчөсү 53 дарегиндеги кесиптик лицей имаратынан, Искра айылынын Победа көчөсү 29 дарегиндеги орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

6. Ала-Бука, Ноокен жана Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

7. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-сентябры

713