28.09.2021 №710
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы № 408 ЖП Жарлыгынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнундө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө сметасы 2 000 000 (эки миллион) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү экономика жана финансы Министрлиги менен өз ара аракеттешип, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзүүнү камсыздасын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына Т.У. Шайназаровко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2021-жылдын 28- сентябры
№ 710