7.07.2021 № 613 2021-жылдын1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын1-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын17-июнундагы № 499 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абылгазиев Исмаилакун Омурбекович, Байысбек уулу Бекбий жана Кулубеков Талайбек Аскербекович, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу мененФрунзе айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда: И.О. Абылгазиевге– 1 добуш,Байысбек уулу Б.– 10 добуш, Т.А. Кулубековго– 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда:Байысбек уулу Б. – 12 добуш, Т. А. Кулубековго – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –0 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу мененБайысбек уулу БекбийФрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кызыл-Тууайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Джылжымышов Акылбек Болотбекович, Саркумов Марат Женишбекович жана Суйуналиев Каныбек Жумабекович, Кызыл-Тууайылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу мененКызыл-Тууайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,1 турда:А.Б. Джылжымышовго–9 добуш,М.Ж. Саркумовго–10 добуш,К.Ж. Суйуналиевге–0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш, 2 турда:М.Ж. Саркумовго – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –7 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 1-июлундагы протоколу менен Саркумов Марат ЖенишбековичКызыл-Тууайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 1-июлундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунунСокулук районунун 2021-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөнФрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүнбашчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралууСокулук аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын1-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Сокулук районунун Фрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байысбек уулу БекбийЧүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Саркумов Марат ЖенишбековичЧүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланганФрунзе жана Кызыл-Тууайыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июлу
№613