15.09.2021 №692 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Тѳмѳндѳгүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 116 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 116 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 290 токтому.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры

692