15.09.2021 №690 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлун
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы № 23-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы № 23-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
12-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө Жободо:
- 1.1. пунктта ««Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
9-беренесинин 3-бөлүгүнө» деген сөздөр ««Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.2. пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине тийиштүү шайлоо комиссиясына мурда аймактык шайлоо комиссияларына мүчө болуп дайындалган, тийиштүү шайлоо комиссияларында иштеген адамдардын ичинен бир атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чечими менен бекитилет.
Округдук шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлдүн милдеттери, ыйгарым укуктары, алардын ишин уюштуруу ушул Жобого ылайык аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүл үчүн каралган тартипте жөнгө салынат.»;
- 1.5. пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1.5. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, атайын өкүл мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат.»;
- 1.6. пунктта «Референдум жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын, ««Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын» деген сөздөр ««Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасында жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры
№ 690