06.08.2021 №644 Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген «Бишкек жана Ош шаарларын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалсын жана саат 09-00 дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                                                                    ​​​​Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-августу

№ 644