26.07.2021 №635 2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу
2021-жылдын 11-июлунда болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу
2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ №231 Жарлыгы менен дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү.
Бишкек шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзөт. Бишкек шаардык кеңешине шайлоону өткөрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 228 шайлоо участкалары түзүлгөн. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 18 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси катталган.
Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин саны 426 699 шайлоочуну түзгөн, добуш берүүгө 104141 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 24,41% түзөт.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы №71/5 чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо №1141 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-июлунда 227 (228 дин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде кайталап шайлоону болуп өттү деп таанып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
2021-жылдын 11-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарына ылайык, төмөндөгү 6 саясий партиянын
талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан көп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:
- «Эмгек» - 18,25% (11 мандат);
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 14,26% (9 мандат);
- «Ишеним» - 12,56% (8 мандат);
- «Ынтымак» - 10,82% (7 мандат);
- «Өнүгүү-Прогресс» - 8,16% (5 мандат);
- «Социал-демократтар» - 8,09% (5 мандат).
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учурлар тууралуу 77 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкөн. Келип түшкөн бардык билдирүү, арыз жана даттануулар мыйзамдарда белгиленген компетенцияларга ылайык каралып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган.
Жыйынтык отурумунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө (шайлоочуларды сатып алуу) каралган, кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштөгү эки ишти сотко жөнөтүү үчүн прокуратура органдарына берилгендиги тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынан тергөө кызматынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы конституциялык-укуктук жоопкерчиликти колдонуу жөнүндө маселени сот органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы боюнча кароону ылайыктуу деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 18-июлундагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кайталап шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-июлу
№ 635