05.07.2021 №602 2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 25 - июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 421 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Чокеев Нурмат, Кош-Коргон айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, Н.К. Чокеевге – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Чокеев Нурмат Карабекович Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 25-июнундагы Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Чүй районунун 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чокеев Нурмат Карабекович Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу
№602