05.07.2021 №601 2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 

 

2021-жылы 25 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 433 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.

 Садовое айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Раимкулов Денизбек Самарбекович, Сарбагишев Капар Бактиярович, Байсульдаев Жениш Абдыдалифович жана Бообеков Доктурбек Акматбекович, Садовое айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Садовое айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Д.С. Раимкуловго – 13 добуш, К.Б. Сарбагишевге – 4 добуш, Ж.А. Байсульдаевге– 4 добуш, Д.А. Бообековго – 0 добуш,    «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Раимкулов Денизбек Самарбекович Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Целинный айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Джекшеналиев Мирлан Джамгырчиевич жана Жумагулов Мирланбек Жаныбекович, Целинный айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Целинный айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, М.Д. Джекшеналиевге – 6 добуш, М.Ж. Жумагуловго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Джекшеналиев Мирлан Джамгырчиевич Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 25 - июнундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Москва районунун 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25 - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Москва районунун Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Раимкулов Денизбек Самарбекович Чүй облусунун Москва районунун Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Джекшеналиев Мирлан Джамгырчиевич Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Садовое жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу

№ 601