05.07.2021 №599 2021-жылы 19 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө

2021-жылы 19 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө 

 

2021-жылдын 19 - июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 31-майындагы № 352 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бегалиев Рустам Асанбекович, Милянфан айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган. 

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Милянфан айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Р.А. Бегалиевге8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Бегалиев Рустам Асанбекович Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 19-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 19-июнунда өткөрүлгөн Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.        

1.2. Бегалиев Рустам Асанбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.     

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу

№ 599