01.07.2021 №594 2021-жылы 12 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 12 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 12 - июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 311 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ибраева Эльмира Усоновна, Сартбаева Динара Джумакадыровна жана Чоткараев Чолпонкул Котошович катталышкан. Талапкерлер Ибраева Эльмира Усоновна, Сартбаева Динара Джумакадыровна жана Чоткараев Чолпонкул Котошович Кең-Булун айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Кең-Булун айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Э.У. Ибревага – 3 добуш, Д.Д. Сартбаевага – 11 добуш, Ч.К. Чоткараевге – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сартбаева Динара Джумакадыровна Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын 12-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12 - июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Сартбаева Динара Джумакадыровна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу
№ 594