01.07.2021 №593 2021-жылдын 20-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 358 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бекназаров Садык Сагынбаевич - Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Бекмолдо айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын ичинени 20 депутаты катышып, С. Бекназаровго – 18 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Бекназаров Садык Сагынбаевич Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

2021-жылдын 20-июнундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 20-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Бекназаров Садык Сагынбаевич Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу

№ 593