01.07.2021 № 588 Ош облусунун Араван районунунМангыт айыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Араван районунунМангыт айыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2021-жылдын 18-июнундагы № 513 токтому менен 2021-жылдын 11-июнунда болуп ѳткѳн Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протколдору Мангыт айыл ѳкмѳтүнүн шайланган башчысы Ы.М. Маткаримовдун эмгек стажы «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бѳлүгүнүн талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгарылган.
Аталгантоктом Ы.М. Маткаримовтарабынансоттук тартиптедаттанылган. Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 24-июнундагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогоркусотунун 2021-жылдын 29-июнундагы токтомуменен КР БШКнын 2021-жылдын 18-июнундагы № 513 токтомукүчүндѳкалтырылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде «КыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясыжөнүндө» КыргызРеспубликасынынконституциялыкМыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2021-жылдын15-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Араван аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын башчысынкайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын
өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу
№ 588