01.07.2021 № 584 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июнундагы № 432 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Турдуматов Руслан Стамбекович, Жедигеров Абдыразак Жакиевич, Дооранбек уулу Мунарбек катталган. Талапкерлер Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Көк-Серек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, H. Турдуматовго – 7 добуш, А. Жедигеровго – 11 добуш, Дооранбек уулу Мунарбекке – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Жедигеров Абдыразак Жакиевич Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 25-июнундагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021- жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жедигеров Абдыразак Жакиевич Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу

№ 584