3.10.2021 №719 Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ак-Суу округдук шайлоо комиссияcынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жакыпова Салтанат Ишеновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Насымбатов Санжи Султанович комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры
№ 719