30.09.2022 №86 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык кеңешинин жана Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын - 30 сентябры
№ 86