30.08.2021 №669 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-августундагы № 648 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Самаев Урматбек Обозбекович - көпчүлүк коалициясынан, Кубатбек уулу Азат - азчылык коалициясынан, сунушталып катталган.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Токмок шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 30 депутаты катышып, У.О. Самаевге-19 добуш, Кубатбек уулу А. – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Самаев Урматбек Обозбекович Токмок шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 26-августундагы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-августундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Самаев Урматбек Обозбекович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Токмок шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-августу
№ 669