30.06.2023 №60 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Панфилов, Нарын, Нарын шаардык, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 16.06.2023-ж. №56,57) – Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. №4,5) – Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (25.06.2023-ж. №6) – Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (19.06.2023-ж. №4,5; 22.06.2023-ж. №6,7) – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Ат-Башы жана Ак-Моюн айылдык кеңештери боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. №17) – Талас облусунун Айтматов районундагы Бакыян айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (16.06.2023-ж. №18; 26.06.2023-ж. №19) – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б. Мамбетов жана Ак-Терек айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (23.06.2023-ж. №7) – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (15.06.2023-ж. №10,11) – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы А. Суеркулов айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын (22.06.2023-ж. №5) – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (27.06.2023-ж. №3,4) – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (13.06.2023-ж. №27; 20.06.2023-ж. №29,30) – Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши, Жазы айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.06.2023-ж. №5) – Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (22.06.2023-ж. №7) – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (13.06.2023-ж. №13) – Нарын облусунун нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын (16.06.2023-ж. №18) – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б. Мамбетов айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Панфилов, Ат-Башы, Нарын шаардык жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кемин, Панфилов, Нарын, Ат-Башы, Айтматов, Тоң, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 30-июну
№60