29.08.2022 №80 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон  жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө жана Семиз-Бел айылдык кеңештери боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык кеңеши боюнча;

- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор жана Светлая-Поляна айылдык кеңештери боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими келип түштү.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ош, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.   

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын - 29 августу
№ 80