29.06.2021 № 578 2021-жылдын25-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Тоңрайонунун Төрт-Күлайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын25-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Тоңрайонунун Төрт-Күлайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын11-июнундагы № 416токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович катталган. ТалапкерТөрт-Күл айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Төрт-Күл айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 18 депутаты катышып,Байсеркеев У. Ж. – 18 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Байсеркеев Урматбек ЖакшылыковичТөрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 25-июнундагыТоң аймактык шайлоо комиссиясынын Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылдын25-июнунда өткөрүлгөн Төрт-Күл айыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланганТөрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну
№ 578