29.06.2021 № 577 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Ысык-Көлрайонунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Ысык-Көлрайонунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын10-июнундагы № 391токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Малабеков Кылычбек Шукурбекович катталган. Талапкер Темир айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Темир айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 19 депутаты катышып,К. Ш.Малабеков– 17 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Малабеков Кылычбек Шукурбекович Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 24-июнундагыЫсык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын

шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 2021-жылдын  24-июнунда өткөрүлгөн Темир айыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдорубекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Малабеков Кылычбек Шукурбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Темир айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну

577