29.06.2021 № 575 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын10-июнундагы № 391токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич катталган. ТалапкерТалды-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түпаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Талды-Сууайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып,Д. Ж. Качаганов – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 9 добуш берилгендиги белгиленген.
Түпаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Качаганов Доктурбай ЖакыпбаевичТалды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 24-июнундагыТүпаймактык шайлоо комиссиясынын Талды-Сууайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун 2021-жылдын24-июнунда өткөрүлгөн Талды-Суу айыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Түпаймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Сууайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Качаганов Доктурбай Жакыпбаевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түпаймактык шайлоо комиссиясы шайланганТалды-Сууайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну
№ 575