29.06.2021 № 573 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11-июнундагы №394, 418 токтомдору менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.

Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Эстебесов Уланбек Бийгазиевич катталган. Талапкер Нуржанов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Нуржанов айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, У.Б. Эстебесов - 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Эстебесов Уланбек Бийгазиевич Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

  • айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Касымов Нурзат Мухамбеталиевич, Торкеев Өмүрбек катталган. Талапкерлер Долоно айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Долоно айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Н.М. Касымов - 12 добуш, Торкеев Ө – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Касымов Нурзат Мухамбеталиевич Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 24-июнундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Талас районунун Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

  1. Эстебесов Уланбек Бийгазиевич Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын. 1.3. Касымов Нурзат Мухамбеталиевич Талас облусунун Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Нуржанов жана Долоно айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                           ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну

№ 573