29.06.2021 № 570 2021-жылдын 24, 25-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 24, 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11-июнундагы №395, 419 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.

айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Шерматов Мират Ажыбекович катталган. Талапкер Кызыл-Белес айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Кызыл-Белес айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, М.А. Шерматов - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Шерматов Мират Ажыбекович Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Маметов Жыргалбек Насирович, Темирбек уулу Молдобай, Чылымов Тынчтык Абдраимович, Эдигеев Марат Кадырбекович катталган. Талапкерлер Кош-Дөбө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Кош-Дөбө айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Ж.Н Маметов - 6 добуш, Темирбек уулу М – 5 добуш, Т.А. Чылымов – 0 добуш, М.К. Эдигеев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Маметов Жыргалбек Насирович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 24, 25-июнундагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы


ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24, 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

  1. Шерматов Мират Ажыбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын. 1.3. Маметов Жыргалбек Насирович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Белес жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

           ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну

№ 570