29.04.2022 №58 Кара-Буура, Майлуу-Суу, Жумгал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Буура, Майлуу-Суу, Жумгал жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын С.Р.Бейсебаев, Ф.Р.Чаргынова мүчөлөрүнүн, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ч.А.Айдарбековдун, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т.И. Ирасовдун шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү З.А. Ишматов жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган Урматбек уулу Э. каза болгондугуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейсебаев Сейджан Рахманбекович, Чаргынова Фатима Рысбековна, Ишматов Замиркул Айдарбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сыдыгалиев Каныбек Кеңешбекович, Чоюнкулакова Гүлнара Анаркуловна, Бодошева Багиля Сапаралиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айдарбеков Чынгыз Айдарбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нажмидинова Нургуль Айдарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ирасов Тынчтыкбек Ирасович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолочиев Адилет Жолочиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урматбек уулу Эркинбек, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиянын резервинен чыгарылсын;
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 29 -апреля
№58